Дүйнөдө мунайдын баасы экинчи жума катары менен көтөрүлүүдө.
Талдоочулардын баамында, айдын башынан бери кара алтындын баасы болжол менен 5 пайызга өсүп, акыркы жети жумадагы эң жогорку чекке жетти. Бул тенденция дүйнөдөгү эң ири мунай керектөөчү болгон Кошмо Штаттарда күйүүчү майга суроо-талаптын өсүшү жана анын запастарынын азайышы менен байланыштуу.
АКШ өкмөтүнүн жарыялаган маалыматтары жалпы жеткирүү суткасына дээрлик 2 миллион баррелге көбөйгөнүн көрсөттү.