Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.
Белгилеп кетсек, буга чейин Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы убактылуу көпүрө да калыбына келтирилип, каттам жанданган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.