Кыргызстанда эски ID-карталарды жаңы биометрикалык карталарга алмаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кеп 2004-жылкы үлгүдөгү AN сериялуу паспорттор тууралуу болуп жатат.
Алар 2024-жылкы ID-карталарга акысыз алмаштырылат. Акция 31-августка чейин созулат. Жаңы үлгүдөгү паспорттор актуалдуу персоналдык маалыматты камтыгандыктан, аларды алмаштыруу менен маалымат базасы жаңыртылып, шайлоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жакшырат деп күтүлүүдө.
Кечээ акциянын биринчи күнүндө эле 2 миңден ашык жаран айди картасын алмаштырууга кайрылганы маалымдалды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.