Абактагы 230 адам мунапыс боюнча бошотулду

Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгон.

 

Жалпысынан ЖАМК президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн. Азыркы тапта аларды кароо уланууда.

 

Быйыл май айында Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол коюлуп, негизинен улгайган адамдар, өспүрүмдөр жана аялдар бошотулагн.

 

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңге жакын адам кармалары буга чейин кабарланган.