Абу-Дабидеги май куюучу станцияда робот кызматкер пайда болду

Абу-Дабидеги май куюучу станцияда робот кызматкер пайда болду. Жасалма интеллект колдонулган аппарат жергиликтүү стартапер тарабынан иштелип чыккан. Азырынча техника пилоттук режимде иштеп жатат.

 

Робот атайын видеокамералар жана кыймыл датчиктери менен жабдылган, алар адамдын жардамысыз унаага май куюп, күйүүчү майдын төгүлүшүнө жол бербейт.

 

Иштеп чыгуучулардын айтымында, технология процессти автоматташтырууга жана күтүү убактысын кыскартууга жардам берет.