Аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө

Аймактарда селдин кесепеттерин жоюу иштери кызуу жүрүүдө.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, нөшөрлөп жааган жаандан кийин сел каптаган Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу жана башка бир катар райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.

 

Учурга карата бардык жолдор унаа кыймылы үчүн ачык. Белгилеп кетсек, селден жалпысынан 9 көпүрө талкаланган. Анын 8и калыбына келтирилди.