Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда жеринде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иштеп жатат.

 

Эске салсак,  25-майда кечки саат 7лер чамасында катуу жааган жаандан улам Аксы районунда сел жүрүп, 50дөн ашык турак жайды каптаган. 250 адам убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Буга байланыштуу Аксынын аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланган.