Аксы районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Аксы районунун айрым аймагында сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кара-Камыш, Сары-Челек, Үч-Коргон айыл аймактарында кокту-колоттордон чогулган сел суулар 56 турак жайдын короосуна, алты үйдүн жер төлөсүнө, төрт турак үйдүн ичине кирип, үч мал сарай урап калган.

 

Ага чейин Кезарт айылында сел коркунучунан улам 250 адам коопсуз жайга, туугандарыныкына убактылуу көчүрүлгөнү кабарланган.

 

Учурда селдин кесепетин жоюу, кырсыктын алдын алуу иштери жүрүп жатат.