Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Жалпы республикалык тестирлөө учурда мониторинг жүргүзөт. Акыйкатчы институтунун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тесттин жүрүшүнө көзөмөл жыл сайын жүргүзүлөт.
Басымдуу учурда алар абитуриенттердин укуктарынын сакталышына, процесстин ачык-айкын жүрүшүнө көз салышат.
Андан тышкары, тестирлөө борборлорунда санитардык нормалардын сакталышы дагы текшерилет. Эске салсак, ЖРТ быйыл 21-июндан 25-июнга чейин өтөт.