Апрель айындагы үшүктөн зыян тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүлөт

Апрель айындагы үшүктөн зыян тарткан дыйкандарга жардам көрсөтүлөт.

Учурда бул тууралуу өкмөткө сунуш киргизилип жатат, — деди,

Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев. Анын айтымында,

үшүктүн кесепетинен зыян тарткандарга салыктан, насыядан, өкмөттөн алган

үрөндү кайтаруу жагынан жардам берүү каралып жатат. Эске салсак, көбүнчө

Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Чүй облусунун агрардык тармагы жабыркады.

Алдын ала эсептөөлөр менен чыгым 300 миллион сомдон ашат.

Жеринде жарандык комиссия тактоо иштерин улантууда.