Бүгүнтөн тарта Бишкектин айрым аймактарында убактылуу газ өчүрүлөт

Бүгүнтөн тарта Бишкектин айрым аймактарында убактылуу газ өчүрүлөт. “Бишкекгаз” кызматы кабарлагандай, мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Ага ылайык, 24-июндан 28-июнга чейин Масалиев, Токтоналиев, Ахунбаев көчөсү жана Киргизия-1, Арча-Бешик конуштары, Жал-15, 23, 29 жана 30 кичи райондору, Жал кичи районунда көгүлтүр от жок болот.

 

Ал эми 25-июндан 26-июнга чейин Лермонтов, Ленин проспектиси, Киров, Чапаев көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт.