Балыкчы – Барскоон жолунун курулушун Кумтөрдүн эсебинен 10 компания аткарууда

Балыкчы – Барскоон жолунун курулушун Кумтөрдүн эсебинен 10 компания аткарууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Учурга карата бактарды кыюу, трассаны кеңейтүү жана бетон түтүктөрдү, лотокторду орнотуу иштери жүрүүдө.

 

Балыкчыдан кийинки тилкеде 2 чакырымдан ашык жерге асфальттын жаңы катмары төшөлдү.

 

Оңдоло турган бөлүктүн жалпы узундугу  142 чакырымды түзөт. Иштер аяктагандан кийин жол 4 чийинден туруп, ортосунда бетон тосмолор орнотулат.