Балыкчыга жаңы прокурор дайындалды

Курсантбек Каримов Балыкчы шаарынын прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен маалым болду.

 

Каримов Курсантбек 1976-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Эмгек жолун Чүй облусунун Сокулук районунун прокуратурасында баштап, Чүй жана Ош облустарынын прокуратураларында, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун прокуратурасында, Талас облусунун прокуратурасында жана Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген.