Баткен милициясы бош орундарга сынак жарыялады

Баткен облустук милициясы ички иштер органдарынын кенже жетектөөчү курамындагы кызматтарга сынак жарыяланганын билдирди.

Сынакка катышам дегендер «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек.

Ошондой эле 19 жашка толгон жана 30 жашка чейин мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган, анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк шарттары боюнча альтернативдик кызматты өтөгөн, бою 170 сантиметрден кем эмес КРдин жараны болушу шарт.

 

Тиешелүү документтер ушул жылдын 19-апрелине чейин кабыл алынат. Талапкерлер суроолор боюнча Баткен милициясынын кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот. Ал Баткен шаарынын Раззаков көчөсү, 4 дарегинде жайгашкан, байланыш номерлери 03622 5 02 75 жана 0773 97 77 89.