Баткен облусунун Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда газга ууланып, шахтанын ичинде калып калган 5 жаран куткарылды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында көмүр казуу учурунда газга ууланып, шахтанын ичинде калып калган 5 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, шахтанын ичинде калган адамдар тууралуу маалымат кечээ кечинде келип түшкөн. Жерине 8 куткаруучу тартылып, жабыркагандар «Тез жардам» кызматына өткөрүп берилди.