Баткенге жардам берүү үчүн атайын эсептерге 100 миллион сом чогулду

Баткендеги Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркагандарга жардам берүү үчүн

атайын эсептерге 100 миллион 141 миң 931,88 сом чогулду.

Чогулган каражаттарды көрсөткөн сайтта жазылгандай, өкмөттүн Баткен облусундагы

өкүлчүлүгүнүн аппаратынын эсебине 92 млн 37 миң 724,51 сом, Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин эсебине 2 млн 218 миң 573 сом жана Бишкек шаарынын

мэриясынын эсебине 5 млн 885 миң 634,37 сом түштү.

Белгилей кетсек, учурда чогулган каражаттар коротула элек.