Билим берүү министрлиги электрондук мектеп ачуу ниетинде

Билим берүү министрлиги электрондук мектеп ачуу ниетинде.

Ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, мекеме кошумча жана мектептен

тышкары билим берүү максатында ачылат. Алсак, электрондук мектеп алты багытты камтыйт.

Алар, сабактар аралыктан өтүлө тургандай кырдаал жаралса, чет өлкөлөрдө жашаган

кыргызстандыктар үчүн мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, алыскы райондордо жашаган мүмкүнчүлүгү

чектелген балдар жана ден-соолугуна байланыштуу убактылуу сабакка бара албай калган

окуучулар аталган мектептен билим алса болот. Долбоор Дүйнөлүк банктын

колдоосу менен ишке ашат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.