Бир мандаттуу округдан шайланган 33 талапкерге мандат берилет

Бир мандаттуу округдан шайланган 33 талапкерге мандат берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан шайлангандарды

Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ага ылайык, кызматтык күбөлүк жана

төш белги ыйгарылат. Ошол эле учурда Чүй-Кемин шайлоо округунун жеңүүчүсү

каттоого алынган жок. Буга себеп талапкердин кош жарандуулугу аныкталып,

учурда сот иштери жүрүп жатат. Ал эми Биринчи май жана Свердлов

округдарында кайра шайлоо белгиленди. Эске салсак, бир мандаттуу

шайлоо округдарынан Жогорку Кеңешке 36 депутат бармак.