Бишкек — Ош унаа жолунун 104-105-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек — Ош унаа жолунун 104-105-чакырым аралыгында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, жол иштерин текшерүү үчүн Төө-Ашуу тарапка бара жаткан транспорт министри Тилек Текебаев кырдаалды жеринен көрдү.

«Учурда жерине атайын техникалар тартылууда.

 

Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди», — деп айтылат маалыматта.