Бүгүн, 8-июнда саат 02:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында “Тойота Прадо” менен
“Митсубиси Галант” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “Митсубиси Галант”
унаасынан болжол менен 40-45 жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял),
“Тойота Прадо” унаасынан 3 адам (2 эркек, 1 аял) ар кандай жаракат алышкан.
Куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине
өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдар тез жардам кызматы аркылуу
Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.