Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.

 

“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, Койбагаров, Осмонкул, Киев, Сыдыков көчөлөрүндө, Келечек, Учкун, Ак-Тилек, Арча-Бешик конуштарында жана Кой-Таш, Арашан, Бирлик, Ленинское, Маевка, Лебединовка айылдарында жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.