Бишкекке белоруста өндүрүлгөн автобустардын келиши күтүлүүдө

Бишкекке белоруста өндүрүлгөн автобустардын келиши күтүлүүдө.

Ордо калаа мэриясында жаңы МАЗ маркасындагы коомдук транспорттун

презентациясы өттү. Автобустун эл ташууга ылайык экенин текшерүү үчүн

3 ай Бишкекте сыноо пландалууда. Муниципалитеттен белгилешкендей,

коомдук транспорт майыптыгы барларга дагы ылайыктуу. Алсак, арабада

отурган адам ага кирип, чыга алат. Эске салсак, былтыр мэр

Айбек Жунушалиев Минскидеги автобус өндүргөн заводго барып келген.