Бишкекте 31-майдан тарта магистралдык тармакты толтуруу башталат

Бишкекте 31-майдан тарта магистралдык тармакты толтуруу башталат. Ысык сууну берүү 1-июнда башталат, — деп билдиришти “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан.

 

Андан такташкандай, керектөөчүлөрдү толук камсыздоо үчүн 3-4 күн талап кылынат. Ысык суу берилгенге чейин абоненттер крандарды жаап, “аристон” сыяктуу суу жылыткычтарды өчүрүп салышы керек. Алар ысык суунун келишине тоскоолдук жаратат.