Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда 5 киши жараат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди

Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда 5 киши жараат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ооруканага түшкөндөр

эмнеден жаракат алганы так айтылган жок. 3 адамга биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин

амбулатордук дарыланууга жиберилди. 2 жаран орточо оор абалда ооруканага жаткырылды.

Андан тышкары, аянттагы кагылышуу боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертиза дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ачылып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат. Тапанча менен

ок чыгарган жарандын өздүгү жана каякта жүргөнү аныкталууда.