Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан 1 адам каза тапты, сегизөө жабыркады.
Абалдары канаттандырарлык, тиешелүү дарылануу алышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Ведомство маалыматына ылайык, бүгүн күндүзгү саат 10:55те «Фрунзе — 1» авиабазасында окуу-машыгуулардын учурунда Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Окуянын чоо-жайы такталууда.