Бишкекте бүгүн футбол беттешине байланыштуу бир нече көчө кыймылга жабылат

Бишкекте бүгүн футбол беттешине байланыштуу бир нече көчө кыймылга жабылат.

Кайгуул милициядан билдиришкендей, чектөөлөр саат 5тен түнкү 11ге чейин болот.

Ага ылайык, Тоголок Молдо, Чүй, Фрунзе, Исанов, Панфилов көчөлөрүн бириктирген бөлүк тосулат.

Тыгындарды жаратпоо үчүн айдоочуларга башка каттам түзүп алуу сунушталат.

Белгилеп кетсек, бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан – Тажикстан курамалары беттешет.

Футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо турунун соңку беттеши кечки саат 9да башталат.