Бишкекте балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды

Бишкекте балдар үчүн реабилитациялык борбордун курулушу башталды.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ордо калаанын Исанов менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн ортосуна жайгаша турган имараттын курулушу жыл аягына ишке берилет.

Борбор 96 орундуу болот.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 200 миңдин айланасында майыптыгы бар жаран болсо, анын 34 миңден ашыгы балдар, 10 миңи дайыма бирөөнүн карамагына муктаждар.