Бишкекте Кореянын ыктыярчы дарыгерлери элди акысыз текшерет

Кыргызстандыктар быйылкы жылдын 16-19-июль аралыгында кореялык ыктыярчы дарыгерлердин акысыз медициналык текшерүүсүнөн өтсө болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кореянын «СеулАсан» кайрымдуулук фондунун дарыгерлери операция жана текшерүүгө керектүү жабдуулар менен дары-дармектерди Бишкекке өздөрү менен кошо ала келет.
«Ар кандай профилдеги 90го жакын волонтер дарыгерлер: хирургдар, кардиологдор, стоматологдор, ЛОР, окулисттер, аллергологдор, пластикалык хирургдар, педиатрлар кыргызстандыктарга медициналык жардам жана консультацияларды бекер өткөрүшөт», — деп билдирди министрликтен.