Бишкекте миллиондогон гүлдөр көз жоосун алууда

Бишкекте миллиондогон гүлдөр көз жоосун алууда. Ордо калаа мэриясынан эске салышкандай, алардын көбү Ала-Тоо аянтына туура келет – дээрлик 50 миң даана гүл.

 

Алар ар кандай композицияда отургузулган. Арасында бир жылдык седум, сальвия, агератум, алиссум, тагетис жана петуньялар бар.

 

Ошондой эле, Чокан Валиханов көчөсүн бойлой 35 миң гүлдөн “Бишкек — 2020” жазуусу түшүрүлгөн.