Бишкекте самбо боюнча жаштардын дүйнө чемпионаты өтөт

Бишкекте самбо боюнча жаштардын дүйнө чемпионаты өтөт. Турнир  6-октябрдан 8-октябрга чейин уюштурулат. Спорттук жана аскердик самбо боюнча жалпысынан 37 салмак категорияда мелдештер пландалды.

 

Күтүлгөндөй, чемпионатка 28 мамлекеттен келген командалар катышат. Арасында Армения, Болгария, Греция, Германия, Египет, Израиль, Казакстан жана Марокко бар.