Бишкекте ушул жумада кандай аба-ырайы күтүлөт?
Синоптиктердин маалыматында, бүгүн жана эртең шаарда
жылуу болуп, күн ачык болот. Күндүз температура мамычалары
+22ге чейин жетет. Түнкүсүн 10 градус жылуу болот.
Шаршемби жана Бейшембиде асманды ала булут каптап,
абанын табы 5 градуска төмөндөйт. Жума күнү ордо калаада
кыска мөөнөттүү жаан жаайт. Ал эми эс алуу күндөрү
абанын табы жогорулап, 22 градус + көрсөткүчүндө болот.