Бишкекте волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө

Бишкекте волейбол боюнча эркектер арасында ХVI Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

 

Биринчилик Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 19-январга чейин болот.

 

Анын биринчи этабына жогорку лиганын 17 командасы катышууда. Ал эми мелдештин экинчи этабы 5-11-февраль күндөрү өтөт. Ага улуттук лиганын кыз-келиндер жана эркектер курама командалары катышат.

 

Чемпионаттын биринчи этабына катышып жаткан командалардын тизмеси төмөнкүдөй:

  • “Кара-Кулжа”;
  • “Улар”;
  • “Жаму”;
  • “Ат-Башы”;
  • “Манас”;
  • “Сары-Өзөн”;
  • “Араван”;
  • “Алайкуу”;
  • “Ош”;
  • “Нарын”;
  • “Ала-Бука”;
  • “Кабылан”;
  • “И.Арабаев атындагы КМУ”;
  • “Кадамжай”;
  • «Кетмен Төбө”,»
  • “Азия”;
  • “Ноокат” курама командалары.