Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги макам берилди

Кыргызстандагы үч ири долбоорго мамлекеттик маанидеги макам берилди. Өкмөттөн маалым болгондой, тизмеге Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушу, Казарман ГЭСтер каскадынын курулушу жана Кемин-Торугарт – 500 кВ чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысынын курулушу кирет.

 

Ага ылайык, жогорудагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыктар компаниялар кошумча нарк салыгынан, сатуу, киреше салыгынан белгилүү мөөнөткө бошотулат.