Бишкекте жаңы оорукана курулат

Бишкекте жаңы оорукана курулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, медициналык жай республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагында жайгашат.

 

Курулуш иштерине каражатты Корея бөлүп берет. Оорукана 130 орунга ылайыкташылып, заманбап жабдуу менен камсыздалат.