Бишкекте жасалма 15 миң долларды сатууга аракет жасаган  жаран кармалды

Бишкекте жасалма 15 миң долларды сатууга аракет жасаган  жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Андан белгилешкендей,иш “Акчаны же баалуу кагаздарды жасалмалоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

Ал эми шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жасалма акча сатууга катыштыгы бар башка адамдар изделип жатат.