Бишкекте жолдордун чуңкурларын жамоо иштери жүрүүдө

Бишкекте жолдордун чуңкурларын жамоо иштери жүрүдө. Мэриянын маалыматына караганда, учурда Ахунбаев көчөсүндө Юнусалиев көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин жасалууда.

 

Буга чейин Байтик-Баатыр, Аалы Токомбаевден Лев Толстой көчөсүнө чейин, Жусуп Абдрахманов көчөсүндө чуңкурлар жабылган.

 

Алдыда Жусуп Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин ортосундагы тилкени бүтүрүү пландалууда.