Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өзгөчө фонтандар пайда болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Учурда фонтандарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө.

 

Эскиздик долбоор боюнча аянтта музыканын коштоосундагы оргуштаган фонтандар курулат. Ошондой эле аянттагы брусчаткалар алынып, гранит таштар басылат. Муниципалитеттен кошумчалашкандай, аянттын айланасындагы имараттар ирээтке келтирилет.