Бишкектин 6 миңден ашык абоненти карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн

Бишкектин 6 миңден ашык абоненти карыздары үчүн электр энергиясы жок калышы мүмкүн. Ордо калаа электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүү эртеңден тарта жүргүзүлөт.

 

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга бересесин тез арада төлөө сунушталат. Муну терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзсө болот.