Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда

Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

 

Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт. Маалыматка ылайык, бүгүн Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсү менен кесилиши ачылат.

 

Белгилеп кетсек, учурда жолду капиталдык оңдоо иштери Байтик баатыр-Абдрахманов, Ахунбаев көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.