Бишкектин коомдук транспортунда кийинки жумада жол кире кымбаттайт

Бишкектин коомдук транспортунда кийинки жумада жол кире кымбаттайт.

 

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештен эскертишти. 1-ноябрдан тарта автобус, троллейбустарда жүрүү акысы 11 сом болсо, маршруттук таксилерде жүргүнчүлөр 15 сом бериши керек болот.

 

Пенсионерлер үчүн маршруттук таксилерде 50 пайыздык жеңилдик каралган, ал эми автобус, троллейбустарда алар пенсия күбөлүгү менен акысыз жүрө алат. Окуучуларга эч кандай жеңилдик каралган эмес.