Боршайком Кыргызстан президенттигине 18 талапкерди каттоодон өткөрдү

Боршайком Кыргызстан президенттигине 18 талапкерди каттоодон өткөрдү.

Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти. Ага караганда,

талапкерлер каттоодон өтүүгө зарыл документтин барын алып келишти.

Барына талапкерлигин тастыктаган күбөлүк тапшырылды. Эске салсак,

эртең 15-декабрда шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү старт алат.

Мөөнөтүнө чейин өтө турчу президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди.