Быйыл токойлорду коргоого 97 миллион сомдон ашык бөлүнөт. Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражат токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен берилет.
Анын алкагында 1 миң 130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн отургузуу жана өткөн жылы эгилген карагайларды багуу пландаштырылууда.
Ошондой эле, питомниктерди изилдөө жана химиялык тазалоо иштери жүргүзүлөт.