“Челси” футбол клубу сатылат

“Челси” футбол клубу сатылат. Россиялык олигарх Роман Абрамович аталган клубду сата турганын жарыялады.

 

Ишкер андан түшкөн акчаны Украинадагы согушта жабыркагандар үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшоо ниетинде.

 

Бирок Британиядагы маалымат каражаттары Абрамовичтин мындай кадамын эл аралык санкциялардан кооптонгондугу менен байланыштырышууда.