Чолпон-Атада көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат

Чолпон-Атада көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцбаракчасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, мурдагы аэропорттун ордуна 20 блоктон турган беш кабаттуу жана 56 блоктон турган тогуз кабаттуу үй курулат.

 

Турак-жайларда 3 миңден ашык батир болот.

 

Кичи райондо ошондой эле унаа токтотуучу жай, 750 орундуу мектеп, 140 орундуу бала бакча, медицина борбору жана мечиттин курулушу дагы каралат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.