Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны миллионго чукулдады

2-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 932 миң 605ке жетти. Алардын арасынан 193 миң 177 адам айыгып ооруканадан чыкса, 42 миң 139 бейтап каза болду.

 

АКШда вирус жуктургандардын саны тынбай өсүүдө. Бүгүнкү күнгө карата ооругандардын саны 213 миң 372ге жетти. Алардан 8474 бейтап айыгып, анын тең жарымы — 4757 адам каза болду.

 

Италияда 110 миң 574 адам коронавирус менен жабыркап келет. 16 миң 847 адам ооруканадан чыгарылса, 13 миң 155 адам вирустан көз жумду.

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктурган адамдардын саны боюнча алдыңкы 3-орунда турган Испанияда 104 миң 118 адам оору менен алышууда. 22 647 адам вирустан арылып, 9387 адам каза болду.

 

Франция дагы деле вирустан көп жарандарын жоготуп жатат. Учурда 57 миң 749 адам вирус жуктурганы аныкталса, анын 3523 жараны каза болду жана 11 миң 53 адам ооруканадан айыгып чыкты.

 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.