Дүйнөдө оронавирус жуктургандардын саны 1,5 миллиондон ашты

9-апрелге карата дүйнө жүзүндө «Ухан вирусу» менен жабыркагандардын саны 1 миллион 511 миң 104 болду. Айыккандардын саны — 329 миң 329, каза болгондор — 88 миң 338.

 

Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунда турган АКШда 430 миң 376 жаран жабыркап жатат. 23 миң 707 жаран илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 14 миң 739 адам каза болду.

 

Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда бул өлкөнүн 148 миң 220 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 48 миң 21 жаран оорудан арылса, 14 миң 792 адам каза болду.

 

Ал эми Италияда 139 миң 442 адам вирус жуктуруп, анын 26 миң 491и айыгып, ооруканадан чыгарылган. 17 миң 669 жаран вирустан көз жумду.

 

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.
https://www.super.kg/kabar/news/302573/