Өгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа менен камсыздалды

Өгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы үлгүдөгү 58 өрт өчүрүүчү унаа менен камсыздалды.

Ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, техниканы Дүйнөлүк банк каржылап, “Табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоорунун алкагында алынды.

Эске салсак, өрт өчүрүүчү унаалардын биринчи партиясы Кыргызстанга былтыр декабрда келген.