Грузия Португалияны сенсациялык түрдө жеңип, плей-оффко чыкты

Грузиянын футбол боюнча курама командасы Германияда өтүп жаткан Европа чемпионатынын плей-офф баскычына өттү. Тайпалык этаптын акыркы турунун оюнунда грузиндер буга чейинки эки беттешинде плей-оффко биринчи орунда чыккан Португалия курама командасы менен беттешти.

 

Грузия эки таймда тең гол киргизип, 2:0 эсебинде жеңишке жетип, тайпада үчүнчү орундан 1/8 финалга өттү. Плей-офф баскычында грузиялыктар Испания курама командасы менен беттешет.