Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы “Эмгек сиңирген килемчи” наамын алды

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы “Эмгек сиңирген килемчи” наамын алды.

Мындай токтомду түркмөн парламенти чыгарды.

Токтомдо учурдагы президент Сердар Бердымухамедовдун апасы Огулгурек Бердымухамедова өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоодо опол тоодой эмгек кылып, улуттук килем токуу искусствосун өнүктүрүп, көптөгөн жылдар бою эмгектенгени айтылат.

Ошондой эле Ахал облусундагы Гектепе килем ишканасында көп жыл эмгектенгени, килемдердин жаңы оюмдарын иштеп чыгууда уникалдуу технологияларды колдонгону белгиленген.