Ханбийке Диананын каттары сатыкка чыгарылды

Британ ханзаадалары Уильям менен Гарринин апасы, ханбийке Дианага таандык каттар аукциондо 30 миң фунтка (болжол менен 3 миллион 500 миң сомго) сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

 

Маалыматта айтылгандай, аукциондо бардыгы болуп 1990-1997-жылдар аралыгында ханбийке жазган 39 кат сатыкка коюлган.

Ханбийкенин каттары анын досу Вестминстердин мамлекеттик кызматкери, лорд Рожер Брамблга даректелген. Каттарда падышалык үй-бүлөдө болгон ар түрдүү окуялар жазылганы айтылат.